• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Алиярбек Абжалиевге козголгон кылмыш иши кыскартылды — Зулушев

Коом 0

Бишкек, 09.02.22. /Кабар/. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алиярбек Абжалиевге козголгон кылмыш иши кыскартылды. Бул тууралуу маалымат жыйынында башкы прокурор Курманкул Зулушев билдирди.

Зулушев учурда толук маалыматы жок экенин белгилеп, бирок так маалыматты тактоону убадалады.

Өз кезегинде ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, иш тергөө стадиясында кыскартылды.

Эске салсак, Абжалиевге 2021-жылдын мартында мыйзамсыз баюу, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана мамлекеттик органдардын ишине кийлигишүү боюнча айып тагылган. Кийин ал мамлекеттик бюджетке 20 млн сом кайтарып берген.

Пикир

Оставить комментарий