• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Алтын, күмүш жана коло: Оштун спортчулары эл аралык турнирден жакшы жыйынтыктар менен кайтышты

Спорт 0

Ош, 26.02.19. /Кабар/. Оштун спортчулары Казакстандын Алматы шаарында 22нен 24-февралга чейин таэквон-до боюнча өткөн “KAZAKSTAN OPEN” эл аралык ачык турнирине катышып, көп ийгиликтерге жетишишти.

Ош шаарынан барган спортчулар турнирдин жыйынтыгында 5 алтын, 4 күмүш жана 3 коло медаль уткан.

Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:

1-орун:
- Муйдинов Ясин;
- Батырбеков Салижан;
- Баймирзаева Дильбарой;
- Алибекова Аделина;
- Абдилатов Эгемберди.

2-орун:
- Жороев Дастан;
- Сайназарова Альбина;
- Сурунбаева Айдай;
- Сайназаров Самаган;

3-орун:
- Миралимжанов Дильдор;
- Худайбердиев Мухаммедазиз;
- Нурланбек уулу Самаган.

Спортчулар кечээ, 25-февраль күнү өз мекенине аман-эсен кайтып келишти. Жеңүүчүлөрдү шаардык жаштар иши, дене тарбия жана спорт комитети, машыктыруучулар жана туугандары салтанаттуу тосуп алышты.

Пикир

Оставить комментарий