• 88.68
  • 95
  • 0.95

“Алтын-Ордо” конушунда 480 окуучуга ылайыкталган мектеп курулуп жатат

Коом 0

Бишкек, 25.08.21. /Кабар/. “Алтын-Ордо” конушунда 480 окуучуга ылайыкталган мектептин курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жаңы мектеп 3 кабат жана 3 блоктон туруп, 480 окуучуга, ал эми бир класс 30 окуучуга ылайыкталган.

“Мектепти куруу үчүн 1,38 гектар жер бөлүнгөн. Учурда пайдубалын түптөө иштери жүргүзүлүп, кирпич кынаптоо иштерине даярдык көрүлүп жатат”,-деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, “Алтын-Ордо” конушунда 6 миң 400 адам жашайт, анын ичинен 2 миң 280и мектеп курагындагылар.

Пикир

Оставить комментарий