• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Саламаттык сактоо министри Бейшеналиев ШКУнун салттуу медицина боюнча форумуна катышты

Ден соолук 0

Бишкек, 02.12.23. /Кабар/. Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Шанхай ызматташтык уюмунун (ШКУ) салттуу медицина боюнча форумуна катышты.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, форум "Салттуу медицина тармагынын бирдиктүү жана сапаттуу өнүгүүсү үчүн жакшы салттарды улантуу, инновацияларды өнүктүрүү" урааны астында үстүбүздөгү жылдын 29-ноябрынан 1-декабрына чейин Кытайдын Наньчан (КЭР) шаарында өттү.

Иш-чара Цзянси провинциясынын элдик өкмөтүнүн Кытай Эл Республикасынын Салттуу кытай медицинасы жана фармацевтика иштери боюнча мамлекеттик администрациясынын ШКУнун жакшы коңшулук, достук жана кызматташтык боюнча Кытай комитети тарабынан уюштурулду.

Форумдун алкагында пленардык сессиялар, тематикалык панелдик сессиялар, таанышуу сапарлары жана башка иш-чаралар өткөрүлөт, алар “Салттуу медицинанын салттары жана инновациялары”, “Салттуу медицинаны глобалдаштыруу” жана "Салттуу медицина тармагында интеллектуалдык менчик укуктарын коргоо" сыяктуу темалардын контекстинде ШКУга мүчө-өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтыкты жана тажрыйба алмашууну күчөтүү, салттуу кытай медицинасын жана ШКУга мүчө өлкөлөрдүн ар биринин салттуу медицинасын өнүктүрүүнүн келечегин талкуулоого мүмкүндүк берет.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев өз сөзүндө элдик медицина дарылоодо жана жарандардын ден соолугун чыңдоодо маанилүү экенин баса белгиледи.

"КР Саламаттык сактоо министрлиги калкка сапаттуу медициналык жардам көрсөтүү менен бирге элдик медицина маселелерине да көңүл бурат. Бизде айрым медицина кызматкерлери Кытай Эл Республикасында бир нече жолу салттуу кытай медицинасы боюнча окуудан өтүп, тиешелүү эл аралык сертификаттарга ээ болуп, калкыбызга медициналык жардам көрсөтүп келишет. Ошондой эле, медициналык окуу жайлардын айрым бөлүмдөрүнүн базасында элдик медицина боюнча окутуу жүргүзүлүп, ийне менен дарылоо, мануалдык терапия, чөп менен дарылоо, скальпотерапия, гирудотерапия, апитерапия, терапиялык жана жалпы массаж сыяктуу адистиктер бар", - деп билдирди министр.

Пикир

Оставить комментарий