• 88.68
  • 95
  • 0.95

Анжиянда кыргыз-өзбек демаркация комиссиясынын сүйлөшүүлөрү өттү

Саясат 0

Бишкек, 27.11.23./Кабар/. 2023-жылдын 21-ноябрынан 26-ноябрына чейин Өзбекстандын Анжиян шаарында кыргыз-өзбек биргелешкен демаркация комиссиясындагы Кыргызстан жана Өзбекстандын өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынанан билдиришти.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо маселелери талкууланып, чек аранын айрым тилкелеринде жеринде изилдөө иштери жүргүзүлдү.

Сүйлөшүүлөр өз ара түшүнүшүү жана достук маанайда өттү.

Иш-чаранын жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду.

Пикир

Оставить комментарий