• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ар бир шаарда жана айылда заманбап футбол аянттарынын курулуш иштерин күчөтөбүз – Абылгазиев

Коом 0

Бишкек, 24.01.19 /Кабар/. Ар бир шаарда жана айылда заманбап футбол аянттарынын курулуш иштерин күчөтөбүз. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев футбол боюнча улуттук кураманын урматына арналып борбордук «Ала-Тоо» аянтында өткөн салтанатта билдирди.

«Кураманын бардык мүчөлөрүнө жана машыктыруучу штабына элибизге тартуулаган белеги үчүн ыраазычылык билдирем. Биздин курама кыргыз футболунун тарыхында биринчи жолу Азия Кубогуна катышып, топтон чыгып, көзгө толумдуу жана татыктуу оюн көрсөтө алды. Силер Азиянын күчтүү командалары менен ойноп жана жеңүү мүмкүндүгүн көрсөттүңөр», - деди Абылгазиев.

Өкмөт башчы белгилегендей, мамлекет атамекендик футболду өнүктүрүүгө көңүл бурууга, өлкөдө футбол аянттарынын жана спорт залдардын курулушун өбөлгөлөөгө умтулат.

«Мамлекет өнүгүп жана бекемделиши үчүн бизге билимдүү жана дени сак жаштар керек. Биз ар бир облустук борбордо, шаарда жана айылда заманбап футбол аянттарынын курулуш иштерин күчөтөбүз», - деп белгиледи Абылгазиев.

Премьер-министр ырастагандай, жакын арада Бишкек шаарында заманбап футбол стадионун куруу маселеси чечилет.

Абылгазиев жергиликтүү футболду өнүктүрүүгө көмөк көрсөткөндөрдүн баарына ыраазычылык билдирип, келечекте кыргыз футболунда эл аралык деңгээлдеги жылдыздар пайда болоруна, ал эми улуттук курама футбол боюнча Дүйнө чемпионатына катышарына ишеним билдирди.

Премьер-министр футбол боюнча улуттук кураманын машыктыруучусу Александр Крестининге 2 млн сомго сертификат тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий