• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Арзыбек Кожошев атамекендик бизнес өкүлдөрү менен жолугушту

Өкмөт 0

Бишкек, 22.10.21./Кабар/. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев бизнес өкүлдөрү менен ишкерлер чөйрөсүн тынчсыздандырган актуалдуу маселелерди талкуулады.

Жолугушуу ачык диалог форматында өттү, анын жүрүшүндө жаңы салык саясатынын маселелери, ишкерлердин жана инвесторлордун укугун жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын мамлекеттик кепилдигин камсыздоо, айыл чарбасын жана энергетикалык секторду өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Жолугушуунун жүрүшүндө креативдүү экономиканы өнүктүрүү үчүн жаңы демилгелерди жана идеяларды жайылтуу, ошондой эле аялдардын ишкердигин өнүктүрүүгө көмөктөшүү чараларын кабыл алуу зарылчылыгы белгиленди.

Талкууда курулуш секторун жана камсыздандыруу рыногун өнүктүрүү темасына өзгөчө басым жасалды.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнө бизнес коомчулук менен бул сыяктуу аянтчада өз ара аракеттенүүнү активдештирүүнү тапшырды жана жолугушууларды кеминде кварталына бир жолу өткөрүү зарылдыгын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий