• 88.68
  • 95
  • 0.95

“Ас-Сафа борбору” коомдук бирикмесинин Кыргызстандагы негиздөөчүсү “Данакер” ордени менен сыйланды

Коом 0

Бишкек, 12.02.24. /Кабар/. “Ас-Сафа борбору” коомдук бирикмесинин Кыргызстандагы негиздөөчүсү Мухаммад Абдурахман Ахмад Альшайа “Данакер” ордени менен сыйланды. Тиешелүү жарлыкка Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров кол койду.

"Кыргызстандын социалдык-экономикалык потенциалын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы жана кайрымдуулук жардамы үчүн “Ас-Сафа борбору” коомдук бирикмесинин Кыргыз Республикасындагы негиздөөчүсү Мухаммад Абдурахман Ахмад Альшайа “Данакер” ордени менен сыйланды", - деп айтылат жарлыкта.

Пикир

Оставить комментарий