• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Аскарбек Шадиев расмий түрдө өлкөдөн чыккан эмес – УКМК

Укук тартиби 0

Бишкек, 02.05.18. /Кабар/. Мурдагы биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев расмий түрдө өлкөдөн чыккан эмес. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

УКМКдан билдиришкендей, учурда териштирөө иштери уланууда.

Мурда социалдык түйүндөрдө Шадиев Кыргызстандан чыгып кетти деген маалымат тараган.

Эске сала кетсек, Башкы прокуратура ЖКнын депутаты Аскарбек Шадиевге карата кызматынан кыянаттык менен пайдаланууга айыптап иш козгогон.

Ал Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыкка бөлүнгөн 30 миң доллардын жоголушуна байланыштуу ишке шектелүүдө.

Пикир

Оставить комментарий