• 88.68
  • 95
  • 0.95

Атамбаев Россия Федерациясына иш сапар менен учуп кетти

Президент 0

Бишкек, 17.11.17 /Кабар/. Бүгүн, 17-ноябрда Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин чакыруусу боюнча Санкт-Петербургдагы VI эл аралык маданий форумдун ачылыш аземине катышуу үчүн Россия Федерациясына иш сапар менен учуп кетти. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Президент Алмазбек Атамбаев жумушчу сапардын алкагында Россиянын Президенти Владимир Путин менен жолугушат.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчылары кыргыз-россиялык кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашат.

Пикир

Оставить комментарий