• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

"Атлетико" клубу "Барселонаны" жеңип, Суперкубоктун финалына өттү

Спорт 0

Бишкек, 10.01.20. /Кабар/. Бүгүн, 10-январда футбол боюнча Испания биринчилигинин Суперкубогунун жарым финалында "Барселона" менен "Атлетико" командалары оюн өткөрдү. Бул тууралуу Чемпионат басылмасы жазат.

Сауд Аравиянын "Кинг Абдулла Спортс Сити" стадионунда өткөн беттеште "Атлетико" 3:2 эсебинде каршылашын жеңип, Суперкубоктун финалына өттү.

"Барселона" командасынын футболчулары Лионель Месси жана Антуан Гризманн бирден гол киргизишти. Ал эми "Атлетиконун" оюнчулары Коке, Альваро Мората жана Анхель Корреа гол киргизип, командасын финалга чыгарды.

Буга чейин Суперкубоктун жарым финалында "Реал" менен "Валенсия" командалары беттешип, "Реал" 3:1 эсебинде жеңишке жеткен.

Финалдык оюндар 13-декабрда өтүп, анда "Реал" менен "Атлетико" командалары оюн өткөрөт.

Пикир

Оставить комментарий