• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Авариялык абалда конгон тик учак. Жабыркагандардын биринин абалы оор

Кырсык 0

Бишкек, 04.06.21. /Кабар/. Ош облустук бириккен ооруканасына медициналык тез жардам кызматы аркылуу 14 жабырлануучу жеткирилди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, анын ичинен ар түрдүү деңгээлдеги күйүк алган 5 жабырлануучу күйүк бөлүмүнө, бирөө травматологияга, 3 адам нейрохирургияга жаткырылды.

«Бир жабырлануучунун абалы оор деп, төрт жабырлануучу орто оордукта, дагы төртөө салыштырмалуу канааттандырарлык деп бааланууда. Калган 5 жабырлануучу биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин аскердик госпиталга жөнөтүлдү», - деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, бүгүн, 4-июнда Ош облусунун Ноокат районунда КРнын Куралдуу Күчтөрүнүн Абадан кол салуудан коргонуу күчтөрүнүн МИ-8 МТ тик учагы конууга аргасыз болуп, авариялык абалда конгон. Каттуу конгондон улам учактан өрт чыккан.

Пикир

Оставить комментарий