• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Азия чемпионаты U-20: Гүлнура Таштанбекова күмүш медаль тагынды

Спорт 0

Бишкек, 19.07.23. /Кабар/. Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү (U-20) боюнча курама командасынын мүчөсү Гүлнура Таштанбекова Амман шаарында (Иордания) өтүп жаткан Азия чемионатында күмүш медалга ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Спортчу 68 кг чейинки салмакта катышты. Алгач ¼ финалдык беттешинде тайбейлик балбандын жаракатына байланыштуу жеңиш Гүлнура Таштанбековага ыйгарылды.

Жарым финалдык беттеште казакстандык балбанды 14:10 эсебинде жеңди. Ал эми алтын медаль үчүн беттеште япониялык балбанга жеңилип, күмүш медалга ээ болду.

Пикир

Оставить комментарий