• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Азиз Суракматов Бишкектин коомдук транспортун жакшыртууга сөз берди

Коом 0

Бишкек, 08.08.18. /Кабар/. Бишкек шаардык кеңеши тарабынан борбордун мэри болуп шайланган Азиз Суракматов Бишкектеги коомдук транспортко чиптик системаны киргизүүнү пландап жатканын айтты

Андан сырткары ал шаардагы автобустардын дана троллейбустардын санын көбөтүү тууралуу билдирди.

“Совет мезгилинде Бишкекте 800 чоң автобус жана 400 троллейбус болгон. Ошол учурдагы санды кайра алып келүүгө аракет жасайбыз. Бул бир жылдын ичинде ишке аша турган иш эмес. Биз программа киргизип, долбоорду ишке ашырабыз”, - деп кошумчалады ал.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын мэрин шайлоо бүгүн өттү. Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары Суракматовдун талапкерлигин колдошту. Ал үчүн 44 депутаттын 43ү добуш берди.

Пикир

Оставить комментарий