• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бүгүн республикалык төкмө акындар айтышынын финалдык бөлүгү өтөт

Маданият 0

Бишкек, 09.11.22. /Кабар/. Бүгүн, 9-ноябрда “Айтыш - 2022” республикалык төкмө акындар айтышынын финалдык бөлүгү өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Айтыш президенттин “Улуттук нарк жөнүндө” жарлыгынын алкагында жана Кыргыз ССРнин эмгек сиңирген артисти, төкмө акын, обончу, комузчу, кыл кыякчы Токтосун Тыныбековдун 95 жылдыгына карата өткөрүлүүдө.

Айтыштын тандоо туру 8-ноябрда “Манас” кинотеатрында өтүп, жарым финал жана финалдык бөлүгү бүгүн, 9-ноябрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында саат 18:00дө башталат.

Эскерте кетсек, иш-чаранын байге фонду 1 млн сомду түзөт.

Пикир

Оставить комментарий