• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Бүгүн Жогорку Кеңеш кезексиз жыйынга чогулат. Күн тартибинде 2 маселе

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 26.11.21. /Кабар/. Бүгүн, 26-ноябрда КР Жогорку Кеңеши кезексиз жыйынга чогулат.

Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, жыйын саат 14.00ө башталып, күн тартибинде төмөнкү маселелер каралат:

КР Жогорку Кеңешинин депутаты А.Жээнбековду жана Т.Зулпукаровду жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук алуу жөнүндө КР башкы прокурору Крманкул Зулушевдин сунуштамасын кароо үчүн атайын депутаттык комиссия түзүү.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин учурдагы депутаттары Төрөбай Зулпукаров жана Асылбек Жээнбеков “Кумтөр” иши боюнча кармалган.

УКМК “Кумтөргө” байланыштуу 4 кылмыш ишин иликтөөдө.

Пикир

Оставить комментарий