• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө карата Бишкекте салттуу билим боюнча эмгектердин бет ачары өттү

Коом 0

Бишкек, 22.04.24. /Кабар/. Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө карата салттуу билим боюнча “Айыл өнүктүрүү фонду” (Rural Development Fund) коомдук фондунун бир катар китептери жарык көрдү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында аталган фонддун өкүлдөрү, этнограф жана эксперттер кабарлашты.

Быйыл “Айыл өнүктүрүү фонду” коомдук фондусуна 20 жыл толду. Бул убакыт аралыгында фонддун китепканасы кыргыз, орус жана англис тилдериндеги бир катар китептер менен толукталды.

Алардын арасында “Чычкандын сырлары: жаратылыш, тарых салттуу билим”, “Кыргызстандын тоолорундагы ак илбирс”, “Кыргызстандын популярдуу өсүмдүктөрү”, “Биздин токой”, “Чоң-Кемин мамлекеттик жаратылыш паркы”, “Жайлоодогу оюндар”, “Көчмөндөрдүн ашканасы” жана башка китептер бар.

Салттуу билим жана мал чарбачылыгы боюнча эксперт Кеңеш Шапаковдун айтымында, салттуу билим боюнча Кыргызстанда 2007-жылы токтом чыккан. Ошондон бери илимпоздор, адистер мал чарбасы, өсүмдүктөр, талаачылык жана башка багыттарда эмгектерин жазып башташты. Анын ичинде “Айыл өнүктүрүү фонду” коомдук фондусунун колдоосу менен жарык көргөн китептердин саны тогузга жетти.

“Бул фонддун көмөгү менен жалпы жонунан 9 китеп даярдалды. Мында биз кесиптештер менен биргеликте ак илбирс, төө, саяпкерлер, топоздор, көчмөндөрдүн ашканасы, жайлоо оюндары, каада-салттар тууралуу изилдеп, маалымат топтоп китептерди чыгардык. Мисалы, булардын ар бирин изилдөө үчүн көп эмгек жана убакыт талап кылынды. Мындан улам биз салттуу билимди унутта калтырбай муундан муунга калтырып, ал тууралуу түшүнүктөрү болуусуна кызыкдарбыз”, - деди Кеңеш Шапаков.

Ошондой эле Шапаков салттуу билимди жандандыруу, аларды учур талабына жараша колдоно билүү маанилүү деп эсептейт. Маселен, кыргыздар талаадагы чөптөрдү бышып-жетилгенин атайын белгилер аркылуу айырмалай алганын кошумчалады.

“Кыргыз элибиз айыл чарбасына жакын болгондуктан, талаада өскөн чөптөрдү качан колдонуш керектигин баамдай алышкан. Мисалы, жайыттагы чөптөрдү үзгөндө башынан үзүлсө, аны колдонуу азырынча эрте экендигин, ортосунан үзүлсө жетилгенин, түбүнөн бери жулунса, куурагандыгын айырмалай алышкан”.

Этнограф, тарых илимдеринин доктору Амантур Жапаров салттуу билимдер камтылган “Кыргызстандын популярдуу өсүмдүктөрү” аталышындагы китепти фонд менен кызматташуу аркылуу даярдашканын айтат.

“Мен Rural Development Fund фондусу менен кызматташып, өсүмдүктөр жөнүндө пайдалуу эмгегибизди жарыкка чыгардык. Мында дары чөптөрдү өстүрүү, аны рынок шартына жараша ыңгайлаштыруу тууралуу кенен маалыматтарды киргиздик. Жаратылыш туурасында жазылган бул сыяктуу фонд тарабынан даярдалган мындай китептер табиятка аяр мамиле кылууга жаштарды үгүттөй турган эмгектердин катарына кирет деп ишенем”, - деп белгиледи этнограф.

Балдардын китепке болгон кызыгуулары артып жаткан маалда, “Айы өнүктүрүү фонду” жарыкка чыккан эмгектерди мектеп окуучуларына чейин жеткирүүгө умтулду.

Фонд Бишкек шаарындагы №33 мектеп-гимназиянын китепканасына китептерди тартуулаган. Бүгүнкү күндө китептерди барактаган окуучулардын кызыгуусу артып жаткандыгын аталган билим берүү мекемесинин китепканачысы Гүлнара Тыналиева айтып өттү.

“Коомдук фонд тарабынан биздин мектепке төрт китеп берилген. Аны көргөн окуучулар китепканага келип, кызыгуу менен окуп жатышат. Аларга катарлаш эле ата-энелер да бул китептерди сурап, окушууда. Мисалы, боз үй, жайлоодогу оюндар тууралуу мындай китептер ар бир китепканада болсо, балдар каада-салт, тарых, маданият тууралуу кенен-кесири маалымат алышат деп ойлойм”, - деди Тыналиева.

Белгилей кетсек, “Айыл өнүктүрүү фонду” коомдук фондусу тарабынан жарык көргөн китептерди окурмандар rdf.kg.library сайтынан кененирээк тааныша алат.


“Айыл өнүктүрүү фонду” (Rural Development Fund) коомдук фондусу – коомдук, илимий-изилдөө уюму. Фонд айыл чарбасы тармагындагы долбоорлорду ишке ашырууга көмөк берип келет. 20 жыл аралыгында ийгиликтүү аяктаган 100дөн ашык долбоорлордун алкагында, 15 миңдей кыргызстандыктар колдоолорду алышты.

Пикир

Оставить комментарий