• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Балыкчы-Кочкор унаа жолундагы кырсыктан 3 адам каза болуп, үчөө жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 10.07.20 /Кабар/. Балыкчы-Кочкор унаа жолунун 4-чакырымында 9-июлда болжол менен саат 10:00дө “Фолксваген-Пассат” жана “Шахман” жүк ташуучу унаалары сүзүшкөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгынын кесепетинен алган жарааттарынан улам 3 адам каза болгон – 46 жаштагы эркек киши, 12 жаштагы бала жана 42 жаштагы аял киши. Ошондой эле 3 адам жабыркаган – 8 жаштагы кыз, 16 жаштагы жана 14 жаштагы балдар.

Жерине келген куткаруучулар жабыркагандарды, каза болгондорду унаадан чыгарып, тез жардам кызматынын кызматкерлерине өткөрүп берген.

Пикир

Оставить комментарий