• 88.68
  • 95
  • 0.95

Балыкчыда окуучу кыздар баа үчүн мушташа кетишкен

Укук тартиби 0

Бишкек, 17.04.23. /Кабар/. Балыкчы шаарындагы Лев Толстой атындагы орто мектептин 5-классынын окуучуларынын мушташы боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

Ысык-Көл облустук милициясынан “Кабар” агенттигине билдиришкендей, 13-апрелде окуучу кыздын апасы милицияга кайрылып, кызы классташ кыздары тарабынан сабалгандыгы тууралуу билдирген. Кыз ооруканага жаткырылган.

Аталган факт маалымат журналына катталып, төргөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

Жабырлануучунун айтымында, ага дене тарбия сабагынан “3” деген баа коюлган, ал эми дагы бир классташына “2” деген баа коюлган. Ал кыз “2” коюлгандыгы үчүн жабырлануучуну күнөөлөп, мектептен кийин башка кыз менен чогуу үйүнө баратканда алар аны сабап, видеого тартып башташкан. Кыз өзүн коргоо үчүн алар тарапка таш ыргытканын мойнуна алган, бирок таш эч кимге тийген эмес.

Бирок, классташ кыздары милицияга мушташ ыргытылган таш кыздардын биринин бетине тийген соң башталгандыгын билдиришкен.

Учурда милиция тарабынан жабырлануучуга соттук-медициналык экспертиза дайындалып, жаңжалдын күбөлөрү суралууда.

Пикир

Оставить комментарий