• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Баткен облусунун Бүргөндү массивинде ирригациялык түйүн ишке берилди (фото)

Өкмөт 0

Бишкек, 21-апрель /Кабар/. Бүгүн, 21-апрельде, Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Актурпак айылындагы Бүргөндү массивиндеги ирригациялык түйүндүн ачылышы болду. Бул тууралуу КР Өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

«Баткен облусунун Кадамжай районундагы Бүргөндү массивиндеги жаңы сугат жерин өздөштүрүү» долбоору 2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүү Улуттук стратегиясынын алкагында ишке ашты.

Долбоордун алкагында узундугу 1,56 чакырым болгон эки суу тосмосу менен дюкер, 3 чакырым болгон жабдуулары жана ички чарбалык түйүнү менен магистралдык канал курулду. Жыйынтыгында 3850 гектар сугат жери өздөштүрүлдү.

Ирригациялык түйүндүн ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жетекчиси Сапар Исаков, Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарымдуу өкүлү Абиш Халмурзаев, Айыл чарба тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин алдындагы суу чарба жана мелиорация департаментинин директору Көкүмбек Таштаналиев жана жергиликтүү тургундар катышты.

Пикир

Оставить комментарий