• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткенде 19 га жер жана 60 турак үй сел коркунучунан корголууда

Аймак 0

Бишкек, 25.07.23. /Кабар/. Баткендеги Боз-Адыр айылында 19 га жер жана 60 турак үй сел коркунучунан корголууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Министр Бообек Ажикеевдин буйругуна ылайык, ӨКМдин Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу чараларынын негизинде быйылкы жылга бекитилген объекттерде жумуш кызуу уланууда.

Учурда Баткен районунун Суу-Башы айыл өкмөтүнүн Боз-Адыр айылында да 200 даана габион торчосун орнотуу жумушу башталды.

Айылдагы сел араны бекемдөө максатында ишке ашып жаткан бул аракет аягына чыкса, жергиликтүү элдин 15 гектар үлүш жер аянты, айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү жери жана 60 турак үй сел коркунучунан корголот.

Пикир

Оставить комментарий