• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Бишкек мэриясы газ менен жүрүүчү жаңы автобустардын келишине даярдык көрүүдө

Коом 0

Бишкек, 25.07.23. /Кабар/. “Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорттук ишканасы” муниципалдык ишканасынын базасында газ менен жүрүүчү жаңы автобустардын келишине даярдоо иштери кызуу жүрүүдө.

Муниципалитеттен билдиришкендей, ишкананын базасында 300 даана эски Ясин автобустары сатылды. Эски автобустардын 90%ы алып салынып, сатылган автобустардан чыккан таштандыларды чыгаруу иштери жүргүзүлүүдө.

Ошондой эле Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаменти менен биргеликте Исакеев көчөсүндөгү жеңил конструкцияны бузуу иштери жүрүп жатат. Бул аймакты бузуп, өткөрүп берүү менен ишкананын аймагы 1,7 га кеңейет.

Автопарк таштандылардан тазалангандан кийин асфальт төшөө, тышкы жарыктандырууну орнотуу иштери жүргүзүлүп, айланасы көрктөндүрүлөт. Мындан тышкары, ишкананын аймагында газ толтуруучу компрессордук станциянын курулушу жүрүп жатат. Курулуш аянтчасын үстүбүздөгү жылдын ноябрь айында аяктоо пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий