• 88.68
  • 95
  • 0.95

Баткендеги чек ара чырынан жабыркагандар үчүн кан тапшырууга болот

Ден соолук 0

Бишкек, 16.09.22. /Кабар/. Бишкектин тургундары кыргыз-тажик чек арасында жабыркагандар үчүн Бишкек ш., Ч.Айтматов проспектиси, 60 дареги боюнча Республикалык кан борборуна келип, кан тапшырса болот.

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, кан борбору дүйшөмбү-жума күндөрү саат 08:00 – 14:00 чейин иштейт. Ал эми ишемби күнү саат 08:00 – 11:00гө чейин.

"Кан тапшыруу үчүн паспорт, айдоочулук күбөлүк же аскер билети болушу шарт. Кан тапшырардын алдында майлуу, куурулган, сүт азыктарынан баш тартуу керек", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, облустардагы бардык кан борборлору да ушул эле тартипте иштейт.

Пикир

Оставить комментарий