• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткенге жардам. Республикалык штабдын ишине 3 миңден ашуун ыктыярчы тартылды

Коом 0

Бишкек, 23.09.22. /Кабар/. Тажик тараптын куралдуу агрессиясынан жабыркаган Баткен облусунун чек арага жакын жайгашкан тургундарына көмөк көрсөтүү үчүн түзүлгөн Республикалык штабдын ишине 3 миң 117 ыктыярчы тартылган. Бул тууралуу республикалык жардам штабынын координатору Алтынбек Кутманов штабдын ишинин жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтуусуна караганда, анын ичинде логистика менен 2 миң 927 адам, жарнама компаниясы менен 31 адам алектенген, ошондой эле колл-центр - 31, айдоочу-ыктыярчылар - 76, координаторлор - 20, психологдор - 25, пиар-менеджерлер - 5, ыктыярчы-дарыгерлер - 30.

"Жалпысынан штаб тарабынан 430 тонна гуманитардык жардам чогултулду, анын 420 тоннадайы андан ары бөлүштүрүү Баткен облусундагы ӨКМдин кампаларына жеткирилди", - деди ал.

Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 14-17-сентябрында Тажикстан куралдуу агрессия көрсөтүп, мурда сүйлөшүлгөн бардык макулдашууларга карабай, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча, тактап айтканда, Баткен облусундагы жана Ош облусунун Чоң-Алай районундагы чек аралык жана жарандык объекттерге чабуул жасады.

140 миңге жакын кыргызстандык чек арага жакын калктуу конуштардан эвакуацияланды.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, куралдуу кагылыштан 59 кыргызстандык (аскер кызматкерлери жана жай тургундар) каза болуп, 198 киши жабыркады.

Пикир

Оставить комментарий