• 88.68
  • 95
  • 0.95

Базар-Коргондо эрте никеге туруунун алдын алууга багытталган видеоролик даярдалды

Аймак 0


Бишкек, 06.06.22. /Кабар/. Базар-Коргон райондук милициясынын жана райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан эрте никеге туруунун алдын алууга багытталган видеоролик даярдалды.

Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдиргендей, видеоролик Базар-Коргон районундагы №44 Анакыз Жумабаева атындагы орто мектебинин окуучулары Гүлжан Аскарованын көзөмөлү астында роль жаратып, турмушка эрте узатылган кыздын жашоосун чагылдырышкан. Роликте өз курбулары менен катарлаш сабакка бара албай же жашоосу жакшы жагына өзгөрбөгөн келиндин тагдыры камтылган.

Милиция кыздарды эрте турмушка узатуу кылмыш экендигин жана ага карата мыйзам чегинде жоопкерчилик каралганын эскертет.

Пикир

Оставить комментарий