• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бажы кызматы менен ЕККУ 2023-жылга карата өз ара аракеттенүү планына кол койду

Коом 0

Бишкек, 01.03.23. /Кабар/. Бүгүн, 1-мартта Мамлекеттик бажы кызматы менен ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин ортосунда 2023-жылга өз ара аракеттенүү планына кол коюлду. Бул тууралуу Бажы кызматы билдирет.

Документке Бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков жана ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин элчиси Алексей Рогов кол коюшту.

Кызматташтыктын негизги багыты - "Транс чек ара кызматташтыгы жана экономикалык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү жаатында Кыргызстандын потенциалын жогорулатуу" бюджеттик долбоорун ишке ашыруу болуп саналат.

Жолугушууда тараптар өз ара кызматташууну бекемдөө маселелерин, ошондой эле 2023-жылга карата пландарды талкуулашты. Мындан тышкары, ЕККУнун кеңсеси Бажы кызматына 5 рация тапшырды.

Белгилей кетсек, Бажы кызматы эл аралык долбоорлор менен бажы тармагындагы кызматташууну өнүктүрүүгө өзгөчө маани берет жана Кыргызстандын Бажы кызматын эл аралык стандарттардын негизинде модернизациялоого умтулат.

Пикир

Оставить комментарий