• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басарлыгына Автандил Конгантиев дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 28.07.22./Кабар/. Финансы министрлигине караштуу Бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басарлыгына Конгантиев Автандил Молдомусаевич дайындалды.

Бажы кызматынын маалымат кызматынан билдиришкендей, тиешелүү документке министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Финансы министри Алмаз Бакетаев бүгүн Конгантиевди жалпы жамаатына тааныштырган.

Пикир

Оставить комментарий