• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бийик тоолуу аймактарда кар жаайт. 17-октябрга карата аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 17.10.22. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бүгүн, 17-октябрга карата Кыргызстандын аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Ош облусунун өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +13...+18, Талас облусунда +12...+17, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +18...+23, Ысык-Көл жана Нарын облустарында +14...+19, Бишкек шаарында +16...+18, Ош шаарында +21...+24 градус жылуу болот.

Пикир

Оставить комментарий