• 88.68
  • 95
  • 0.95

Билим берүү министри менен Франциянын элчиси кызматташтыкты талкуулашты

Билим 0

Бишкек, 23.05.23. /Кабар/. Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев Франциянын Кыргызстандагы элчиси Франсуа Делаус менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушууга ошондой эле Француз альянсынын жана француз тилин окутуучулар ассоциациясынын президенти Мария Акчекеева да катышты. Тараптар Франциянын мектептеринде эне тилин жана чет тилдерин окутуу тажрыйбасын колдонууну талкуулашты.

Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Инклюзивдик билим берүүнү уюштуруу боюнча тажрыйба алмашуу, мектепке чейинки билим берүү жана башталгыч мектептердин байланышын жөнгө салуу практикасын колдонуу, Кыргызстан менен Франциянын университеттеринин ортосундагы экономикалык жана гуманитардык багыттар боюнча кош дипломдуу программаларды өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн карашты.

Пикир

Оставить комментарий