• 88.68
  • 95
  • 0.95

Билим берүү министрлиги: Мектептеги кылмыштуулукту азайтуу боюнча онлайн жыйын өттү

Коом 0

Бишкек, 15.03.23. /Кабар/. Кечээ, 15-мартта билим берүү жана илим министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаева жана Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук кызматы бөлүмүнүн башчысы Нуржан Адылова мектеп окуучулары арасындагы укук бузууларды, кылмыштуулукту алдын алуу иштерин күчөтүү боюнча онлайн жыйын өткөрдү.

Жыйынга Бишкек жана Ош шаардык билим берүү башкармалыктарынын, облустук усулдук билим берүү борборлорунун жана институттарынын, райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары катышты.

Министрдин орун басары Токтобүбү Ашымбаева окуучулар арасындагы укуктук бузууларды, кылмыштуулукту алдын алуу үчүн тиешелүү профилактикалык иштерди күчөтүү керектигин айтты.

“Окуучулар арасында опузалоо, топтошуп мушташуу жана балдарга карата зомбулук көрсөтүү фактыларына бөгөт коюу, алдын алуу боюнча иш-чараларды бардык жалпы билим берүү уюмундарында өткөрүү талабы коюлат. Ошондой эле балдар кызыккан тармактар боюнча түрдүү иш-чараларды уюштурууну активдештирүү зарыл”, - деди министрдин орун басары.

Пикир

Оставить комментарий