• 88.68
  • 95
  • 0.95

"Бирдиктүү терезе". ИИМ тейлөө борборлорунун даректерин эске салды

Коом 0

Бишкек, 19.04.23. /Кабар/. Кыргызстандыктарга сапаттуу мамлекеттик тейлөө көрсөтүү жана ички иштер органдарынын ишин санариптештирүү үчүн республиканын бардык аймактарында "Бирдиктүү терезе" режиминде калкты тейлөө борборлору жана пункттары ачылган.

Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, "Бирдиктүү терезе" аркылуу жарандын соттолгон же соттолбогондугун, автотранспорту менен кооптуу жүктөрдү ташууга уруксат берүү тактамаларын, жарандык жана кызматтык куралды, коркунучтуу жарылуучу материалдарды жана пиротехникалык буюмдарды жүгүртүүгө лицензияларды жана уруксаттарды алуу боюнча документтер берилет.

Министрлик Бишкектеги жана аймактардагы "Бирдиктүү терезе" аркылуу тейлөө көрсөтүү борборлорунун даректерин эске салды:

- Чүй облусунун Жайыл районунда жана Токмок шаарында;

- Жалал-Абад облусунун Ала-Бука, Токтогул, Ноокен, Тогуз-Торо, Аксы, Чаткал, Базар-Коргон райондорунда жана Каракуль, Таш-Көмүр шаарларында;

- Ош облусунун Алай, Кара-Кулжа, Ноокат, Өзгөн, Араван райондорунда;

- Баткен облусунун Кадамжай, Лейлек райондорунда жана Кызыл-Кыя жана Сүлүктү шаарларында;

- Нарын облусунун Кочкор, Ак-Талаа, Ат-Башы жана Жумгал райондорунда;

- Ысык-Көл ОИИБде (Каракол шаары, Кутманалиев көчөсү № 146 “а”, тел.: (03922) 5-62-90);

- Баткен ОИИБде (Баткен шаары, Раззаков көчөсү № 4, тел.: (03622) 5-02-28 ;

- Талас ОИИБде (Талас шаары, Турдалиев көчөсү №191, тел.: (03422) 5-56-96);

"Тактамаларды берүү күн сайын саат 16:00дөн 18:00гө чейин жүргүзүлүп, дем алыш кундөрү-ишемби, жекшемби күндөрү экенин эсиңиздерге салабыз. Жооптуу милиция кызматкерлери кезекте турган бардык жарандарга даяр тактамаларды тапшырмайынча жумуш ордунан чыкпайт", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий