• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бирге алга! — Таркович Азия кубогунун финалдык бөлүгүнө чүчү кулактын жыйынтыгы боюнча

Спорт 0

Бишкек, 12.05.23./Кабар/. Кыргызстандын улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Штефан Таркович Азия кубогунун-2024 финалдык бөлүгүнө чүчү кулак тартуунун жыйынтыгы боюнча ою менен бөлүштү.

Кыргыз футбол союзунун маалыматына караганда, башкы машыктыруучу улуттук команданын атаандаштары жетишээрлик деңгээлде абдан күчтүү экенин белгилеген.

"Биринчи кезекте чүчү кулак тартуу аземи укмуштуудай өттү деп айта алам жана бул салтанатка катышканыма кубанычтамын. Биз "F" тайпасындабыз, биздин атаандаштар жетишээрлик деңгээлде абдан күчтүү командалар. Сауд Аравиясы - буга чейинки Дүйнө чемпиондугунун катышуучусу, алар тайпадагы эң күчтүү команда деп эсептейм. Таиланд менен Оман да бир топ күчтүү атаандаштар десек болот", - деген ал.

Таркович кошумчалагандай, чүчү кулак тартуу атаандаштарды тандоого жана ага таасир этүүгө жол бербейт, андыктан учурдагы фактыны кабыл алуу гана керек.

"Мындан ары биз үчүн эң башкы милдет - команданы бул турнирге даярдоо. Албетте, мен ийгиликке, биздин жеңишке, максатыбызга жетээрибизге ишенем. Бардык кыргызстандыктарга жеткиргим келчү нерсе – "Бирге алга!", - деди башкы машыктыруучу.

Эскерте кетсек, 11-майда Доха шаарында Азия кубогу-2024 турнирине чүчү кулак тартуу аземи өтүп, анда Кыргызстандын атаандаштары белгилүү болгон.

Пикир

Оставить комментарий