• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкек – Кара-Балта жолун толук оңдоп бүтүрүү 2022-жылдын ноябрына пландалган

Коом 0

Бишкек, 27.07.21. /Кабар/. Бишкек – Кара-Балта жолунун 7,4 чакырым тилкесин оңдоо иштерин толук бүткөрүү 2022-жылдын ноябрына пландалган. Бул тууралуу «Кабар» агенттигиндеги маалымат жыйынында Транспорт жана коммуникация министрлигинин инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу тобунунун инженер-жолчусу Султан Сарбагышев билдирди.

Анын айтымында, тилкени реконструкциялоого келишим негизги унаа жолдорун реконструкциялоону каржылоо боюнча Азия өнүктүрүү банкынын үнөмдөлгөн каражатынын эсебинен өткөн жылы кол коюлган. 7,4 чкырымды ишке ашырууга кошумча келишимге кол коюлган.

Мындан тышкары, ал билдиргендей, Бишкек – Нарын – Торугарт жолунун 272-365 чакырымын реконструкциялоо долбоорунун унөмдөлгөн каражатына 2019-жылы Ат-Башы районунун борбордук көчөлөрүн капиталдык оңдоого жана Он-арча – Жаңы-Талап – Ашырма унаа жолдорун оңдоого 8,6 млн АКШ долларына кошумча келишим түзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий