• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Бишкек мэриясы: 3 миң микроавтобус шаар сыртына чыгарылды

Коом 0


Бишкек, 19.10.23. /Кабар/. Бишкек мэриясы жүргүнчүлөрдү ташыган 3 миң микроавтобусту шаар сыртына чыгарды. Бул тууралуу калаа мэри Эмилбек Абдыкадыров журналисттерге берген маегинде билдирди.

Абдыкадыровдун айтымында, буга чейин калаада 4 миң 500дөй жеке микроавтобус жүргүнчүлөрдү ташып келген. Азыр алардын 1 миң 500ү гана шаардагы линияда жүрөт. 3 миң микроавтобус калаадан сыртка чыгарылган.

“Биз микроавтобустарды да жумушу жок калтырган жокпуз. Шаардын сыртындагы линияларда иштеп жатышат. Жакын арада Бишкектин ичи маршруткалардан толук тазаланат”, - деди Бишкек шаарынын мэри.

Пикир

Оставить комментарий