• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкек мэриясы “Иштиктүү кыргыз тили” окуу курстарын өткөрүүнү улантууда

Коом 0

Бишкек, 08.07.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясы мамлекеттик тилди өнүктүрүү, иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жана кыргыз тилинин эрежелерин үйрөтүү максатында окуу курстарын өткөрүүнү улантууда.

Мэриянын басма сөз кызматы маалымдагандай, муниципалитеттин мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү 2021-жылдын июнь айынан баштап Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын кызматкерлери үчүн “Иштиктүү кыргыз тили” окуу курсун өткөрүп жатат.

Аталган бөлүм бул багыттагы семинарларды, окутууларды дайыма өткөрүп келет.

Пикир

Оставить комментарий