• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкек мэриясы жарандардан унааны бак-дарактын астына калтырбоону өтүнөт

Коом 0

Бишкек, 18.10.22. /Кабар/. Бишкек мэриясы жамгыр жаап жаткандыгына байланыштуу жарандардан унааны бак-дарактын астына калтырбоону өтүнөт.

"Жамгыр дарак бутактарынын салмагына таасирин тийгизет. Мындан улам айдоочуларды жол кырсыктарын жана жеке мүлкүнө зыян келтирбөө үчүн унааларын бактардын жана жеңил объектилердин алдына токтотпоо сунушталат", - деп айтылат маалыматта.

Бак-дарактардын жана бутактардын кулаганына күбө болсоңуз, анда “Бишкекжашылчарба” муниципалдык ишканасынын 32-62-33, 0504-21-06-00 номерлерине жана борбор калаанын мэриясынын Call-борборуна: 1840 жана 1850 номерлерине кабарлаңыздар. Ошондой эле сүрөт жана видео фактыларды 0554-182-185 номерине жөнөтсөңүз болот.

Пикир

Оставить комментарий