• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

“Бишкек-Ош” жолунда, авиа каттамда орун алган көйгөйлөрдү тармактык комитетте кароо сунушталды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 4.01.18 /Кабар/. Бүгүн, 2018-жылдын 4-январында Жогорку Кеңештин жыйынындагы “Ар кыл маселелер” саатында “Бишкек-Ош” жолунда жаралган көйгөйлөр боюнча Өкмөттүн иши сынга алынды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн бириктире турган стратегиялык “Бишкек-Ош” жолунда кыштын башталышында жана кыштын аяктап жаткан маалында көйгөй жаралат. Бирок жолдун белгилүү болгон мындай күтүлүүчү жагдайына аткаруу бийлиги даяр эмес болуп чыкты. Мындай маалыматты ортого салган депутат Сайдулла Нышанов КР Өкмөтү мындан жыйынтык чыгарып, тиешелүү кызмат адамдарынын жоопкерчилигин карашы керек дейт.

Кардын көп жаашынан улам Бишкек-Ош жолундагы тыгынга өзү учурап, 24 саат турган депутат Калдарбек Баймуратов тыгынды башкарып, жолго койгон кызмат жок, баш-аламандык орун алгандыгын маалымдады. “Бишкек-Ош жолуна жооптуу болгон дирекция өзүнүн түздөн-түз милдетин аткарбай жатат”,- дейт депутат Кыдыралы Умбеталиев.

“Жол таза, аба ырайы ачык деп маалымат берилгени менен эл жолго чыгып алып кыйынчылыкка кабылды”,- деген депутат Төрөбай Зулпукаров жакын арада эле “Бишкек-Ош” аба каттамында тумандын айынан бир топ убакыт учуулар болбогонуна токтолду. Эл өкүлү “Бишкек-Ош” жолундагы, авиа каттамда орун алган көйгөйлөр боюнча тармактык комитетте маселе кароону сунуш кылды. Бишкек-Ош жолунда орун алган ыңгайсыздыкта (тыгында) 400-500 чамасында унаалар жолго туруп калгандыгын айткан депутат Уланбек Примов тиешелүү кызматтар даяр болуп турбаганын белгиледи. Ошону менен катар депутат У.Примов авиа каттамдагы көйгөй тууралуу жаралган кырдаалда аэропорт дагы, авиакомпаниялар дагы тиешелүү шарттар менен камсыз кылып бере албагандыгын кошумчалады.

“Январь айында дагы суук күчүнө кирери айтылып жатат. Андыктан, КР Өкмөтү буга жараша жол каттамы менен авиа каттамдарга тиешелүү камылгаларды көрөт деген ойдомун”,- дейт депутат Музаффар Исаков.

“Кышында биринчи жолу кар жааганда эле көйгөй жаралды. Аткаруу бийлик органдарында пландаштыруу деген жок болуп калды. Социалдык өлкө болгондуктан, дотация принциби менен иштешибиз керек”,- дейт депутат Исхак Масалиев.

Пикир

Оставить комментарий