• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкек шаарына 140 орундуу дагы бир бала бакча кайтарылат

Коом 0

Бишкек, 11.02.22. /Кабар/. Бишкек шаарына 140 орундуу дагы бир бала бакча кайтарылат. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Карасаев көчөсүндө жайгашкан имаратта жумушчу жыйын өткөрүп, аны бала бакчага кайтаруу маселесин талкуулады.

"Имаратты кайтаруу муниципалитеттин түзүмүн оптималдаштыруунун алкагында жүргүзүлүүдө. Ошентип, дене тарбия жана спорт башкармалыгы бир катар ведомстволук мекемелерди чоңойтуу жолу менен маданият, спорт, туризм жана жаштар иштери департаментинин курамына кирген. Буга байланыштуу кызматкерлер башка имаратка көчүрүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Мэриядан белгилешкендей, шаар башчысы мекемеге тез аранын ичинде жайды бошотууну тапшырды.

Муниципалдык менчикти башкаруу департаментине имаратты – бала бакчаны максаттуу пайдаланууга берүү үчүн документтердин тизмесин даярдоо тапшырылды. Ал эми билим берүү башкармалыгына мектепке чейинки билим берүү уюмун керектүү эмеректер жана инвентарлар менен жабдуунун планын даярдоо тапшырылды. Капиталдык курулуш башкармалыгына кыска мөөнөттө оңдоо иштерин жүргүзүп, аймакты көрктөндүрүү милдети жүктөлдү.

Бала бакча 4 тайпага ылайыкталган, долбоордук кубаттуулугу 140 орун.

Пикир

Оставить комментарий