• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкек шаарынын коменданты шаар тургундарын алдыдагы 7 күн бою үйдөн чыкпоого чакырды

Коом 0

Бишкек, 03.04.20. /Кабар/. Бишкек шаарынын тургандарын алдыдагы 7 күн бою үйдө калып, сыртка чыкпоону суранабыз. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын

"Урматтуу шаар тургундары, жакынкы бир-эки күндө коронавирусун жуктуруп алган алгачкы бейтаптар менен байланышта болгондордун 14-21-күндүк инкубациялык мезгили аяктайт. Ошондуктан алдыдагы 7 күн бою үйдө калып, сыртка чыкпоону суранабыз", - деди Орозалиев.

Бишкек шаарынын комендатурасынан билдиришкендей, жакынкы эки күндө оорулуулар менен байланышта болгон адамдардын инкубациялык мезгили аяктагандыктан, Бишкек шаарында кошумча тилкелерде кыймыл чектөөгө алынат. Карантиндик аймак кеӊейип, кыймылды чектөө жана адамдардын, унаалардын топтолушун болтурбоо үчүн базарлардын жана супермаркеттердин жанында санитардык-карантиндик посттор коюлат.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 3-апрелге карата коронавирус жуктурган 14 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 130га жетти. Алардын ичинен 5 адам коронавирустан айыгып чыккан. Коронавирус жуктурган 1 адам каза болду.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий