• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкек жана Ош шаарларындагы аэропортторду модернизациялоо башталат

Өкмөт 0

Бишкек, 17.12.2/./Кабар/. Биз Бишкек жана Ош шаарларындагы аэропортторду модернизациялоону баштайбыз. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кезектеги жыйынында Бириккен Араб Эмираттарына болгон жумушчу сапарынын жыйынтыгына тийиштүү билдирди.

«Ошондой эле бажы инфраструктурасын модернизациялоону баштайбыз. Келерки жылдын 1-февралына карата бардык товардык агымдарга талдоо жүргүзүлүп, 2023-жылдын 1-сентябрына чейин бажы чөйрөсүн модернизациялоо программасы сунушталат. Мындан тышкары, Энергетика министрлиги менен «Masdar» компаниясынын ортосунда 1 гигаваттка келишим түзүлдү. Келерки жылы күн электр станциясын куруу иштери башталат. Алгачкы 200 мегаваттка инвестиция болжол менен 180 млн АКШ долларын түзөт. Кыргыз Республикасынын Президентинин Бириккен Араб Эмираттарына болгон иш сапарынын алкагында 9 келишимге кол коюлуп, өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынынын алкагында тиешелүү документтер каралды. Министрлер Кабинети экономиканын өсүү темпин сактап калуу үчүн чет элдик инвестицияларды тартуу, маанилүү долбоорлорду ишке ашыруу боюнча иштерди улантуусу керек», - деди Акылбек Жапаров.

Министрлер Кабинетинин башчысы «AD Ports Group» менен макулдашуунун алкагында кыргыз тарапка KEZAD (Khalifa Economic Zone Abu Dhabi) эркин экономикалык аймагында 300 миң чарчы метрден ашык жер бөлүнгөнүн кошумчалады.

«Эми биз дүйнө мамлекеттери менен соода кыла алабыз, биринчи кадам ташталды. Бириккен Араб Эмираттарынын порттору аркылуу биз бүткүл дүйнө менен соода кыла алабыз. Экономика министрлиги Бендер-Аббас порту боюнча маселени иштеп чыгууну жыйынтыктоосу керек. Ошондо бизде эки порт болот. Бендер-Аббас портун пайдалануу менен Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан-Түркмөнстан-Иран транспорт коридору бизге океанга, 2 миллиарддан ашык адам жашаган рынокко чыгууга мүмкүндүк берет. Алдыга коюлган пландарды ишке ашырууга күч-аракеттер көрүлүшү керек», - деди Акылбек Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий