• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкек ЖЭБнин аймагында өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Кырсык 0

Бишкек, 02.02.24. /Кабар/. Бишкек ЖЭБнин аймагында аварияга байланыштуу өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйында өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев билдирди.

Анын айтымына караганда, объектте катталган кырсык өлкө жетекчилигинин жана атайын кызматтардын түздөн-түз көзөмөлүндө.

"Кырсыктын кесепеттерин жоюу жана келип чыгуу себептерин аныктоо максатында жеринде тиешелүү адистер иш жүргүзүүдө", - деди министр.

Эскерте кетсек, 2-февралга караган болжол менен түнү саат 03:00дө Бишкек ЖЭБинде авария катталып, жабдуулар иштен чыккан. Алдын ала маалыматка караганда, беш адам жабыркап, ооруканага түштү.

Аварияга байланыштуу шаар тургундарына ысык суу берүүдө чектөө киргизилди.

ЖЭБдеги авариялык абалдын кесепеттерин тез арада жоюу боюнча иш алып баруу үчүн ыкчам штаб түзүлдү. Учурда ЖЭБдин кызматкерлери аравиялык абалдын келип чыгуу себептерин аныктоо жана калыбына келтирүү боюнча аракеттерди жүргүзүүдө.

Пикир

Оставить комментарий