• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкек ЖЭБиндеги авариянын кесепеттерин тез арада жоюу боюнча ыкчам штаб түзүлдү

Кырсык 0

Бишкек, 02.02.24./Кабар/. Бишкек шаардык ЖЭБдеги авариялык абалдын кесепеттерин тез арада жоюу боюнча иш алып баруу үчүн ыкчам штаб түзүлдү. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен кабарлашты.

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, авария 2-февралга караган түнү саат 03:00 чамасында катталган.

Учурда ЖЭБдин кызматкерлери аравиялык абалдын келип чыгуу себептерин аныктоо жана калыбына келтирүү боюнча аракеттерди жүргүзүүдө.

"Түнкү кезекте турган 3 кызматкер жаракат алышып, ооруканада. Керектөөчүлөргө электр энергиясы үзгүлтүксүз берилет", — деп айтылат маалыматта.

Бирок, шаардын жылуулук режимин сактоо максатында, ысык суу берүүдө чектөө киргизилип, мектеп жана бала-бакчалар онлайн окууга өткөрүлдү.

Энергетика министрлиги шаар тургундарынан келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана түшүнүү менен кабыл алууга чакырат.

Пикир

Оставить комментарий