• 88.68
  • 95
  • 0.95

“Бишкекасфальтсервис” ишканасы жумушчуларды издейт

Коом 0

Бишкек, 12.05.23. /Кабар/. “Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасы жумушчуларды издейт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, ишканага төмөнкү адистер талап кылынат:

1 сметаны түзүү инженери:

- 18 жашка толгон кыргыз жараны;
- соттолбогон;
- кесиптик билими бар;
- мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта иш стажы же административдик кызмат орундарынын тобун жана категориясын эске алуу менен адистиги боюнча иш стажы бар;
- кесиптик билими бар.
- КР жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү чөйрөдөгү мыйзамдарды билүү.
- кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон өлчөмдө мамлекеттик жана расмий тилдер;
- компьютердик жана оргтехникага, керектүү программалык продуктыларга ээ болуу;
- кесиптик билими бар экендиги белгиленген формадагы документ менен ырасталат.

25 жол жумушчусу:

• 18 жашка толгон кыргыз жараны;
• тажрыйбасы жана көндүмдөрү бар кесипкөй жумушчулар;
• жаман адаттарсыз;
• так жана жоопкерчиликтүү;
• нормаларга жана талаптарга так ылайык иштерди аткаруу.

"Иш издеген жарандын жанында резюмеси болушу шарт. Маектешүү иш күндөрү саат 9:00дөн 17:00гө чейин Хвойная көчөсү, 70 дарегинде өтөт. Кенериээк маалымат үчүн төмөнкү телефонго кайрылыңыз: 0312377717", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий