• 88.68
  • 95
  • 0.95

KOICA Бишкектеги бир катар үй-бүлөлүк медборборлорго жабдууларды тапшырды

Коом 0

Бишкек, 20.09.23. /Кабар/. KOICA Бишкекте бир катар үй-бүлөлүк медициналык борборлорго жабдууларды тапшырды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Тактап атйканда Бишкектеги №1, 3, 4, 5, 6, 7, 8, 9, 10 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлоруна, №2 клиникалык көп профилдүү ооруканасына, Шаардык балдар клиникалык тез жардам ооруканасына, Клиникалык тез жардам ооруканасына, Спорттук-реабилитациялык борборуна, Шаардык гинекологиялык ооруканасына, Шаардык студенттик клиникасынана, ошондой эле Бишкек шаарынын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборуна жалпы 22 млн сомдон ашык суммага наркоздук дем алуучу аппараттар, санариптик флюорографиялык аппараттар, 12 каналдуу ЭКГ жана DT prime амплификатору жана башка медициналык жана компьютердик жабдуулар алынды.

Жабдуулар Бишкек мэриясы менен Кореянын эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) ортосундагы кызматташуу жөнүндө макулдашуунун алкагында тапшырылды.

Иш-чарага Бишкек мэри Эмилбек Абдыкадыров, анын орун басары Виктория Мозгачева, Кореянын Кыргызстанданы элчиси Ли Вон Дже, Кореянын эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) директору Ли Джонгсу катышты.

Пикир

Оставить комментарий