• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте 6 жашар бала 3-кабаттын терезесинен түшүп кетти. Кылмыш иши козголду

Коом 0

Бишкек, 02.04.21. /Кабар/. Бишкекте 6 жашар бала 3-кабаттын терезесинен кулап кетти, ал батирде жалгыз болгон. Бул тууралуу агенттикке Ленин райондук ИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Милициянын маалыматы боюнча, 2021-жылы 2-апрелде болжол менен саат 10:42лер чамасында 102 кызматына көп кабаттуу үйдүн терезесинен жаш бала кулап кеткендиги тууралуу маалымат келип түшкөн.

Окуя болгон жерге Ленин райондук ИИБдин милиция кызматкерлери барышып, маалыматты такташканда, 2015-жылы туулган А.А. аттуу бала 3-кабатта жайгашкан батирден кулап кеткендиги аныкталган.

Ошондой эле кырсык болгон жерге Бишкек шаары боюнча Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын кызматкерлери да келишкен жана тез жардам кызматы чакырылып, жашы жете элек А.А.га биринчи медициналык жардам көрсөтүлгн. Ал №3 шаардык балдар клиникалык ооруканасына жаткырылды.

Аталган факт Ленин райондук ИИБдин кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, КРнын Жазык кодексинин 150-беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Алгачкы маалыматтар боюнча, А.А. үйүндө жалгыз калган.

Дарыгерлердин айтымында, кулаган балада сынык жок, азыркы учурда дарыгерлердин кароосунан өтүп жатат, абалы туруктуу.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий