• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте 7 томдук "Манасчылар" энциклопедиялык жыйнагынын бет ачары өттү

Маданият 0

Бишкек, 04.05.23. /Кабар/. Бишкекте 7 томдук "Манасчылар" жыйнагынын бет ачары өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министригинен билдиришти.

7 томдукта “Кыргыз элинин кенже эпостору: энциклопедиялык жыйнак”, “манасчылар” (кыргыз, орус, англис тилдеринде) китептеринин жана кенже эпостор боюнча аткаруучулар тарабынан жаздырылган аудиодисктер камтылган.

Иш-чараны Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана адабияты институту, Кыргыз Улуттук Манас театры, "Дастанчы" коомдук фонду тарабынан уюштурулып, ага Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, президенттин кеңешчиси Бекбосун Бөрүбашев, Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева, маданият, маалымат министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев, КР Улуттук илимдер академиясынын президенти Канат Абдрахматов, КР Баатырлары, Эл артисттери жазуучу-акындар, коомдук ишмерлер, Кыргыз улуттук "Манас" театрынын чыгармачыл жамааты, "Дастанчы" коомдук фондунун өкүлдөрү жана залкар манасчылардын үй бүлөлөрү катышты.

Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов жана маданият министринин орун басары Кайрат Иманалиев жарык көргөн жаңы энциклопедиялык жыйнактын түзүүчүлөрү тарыхый мааниси бар чоң иш жасашканын баса белгилешип, ыраазычылыкт билдиришти.

“Манасчылар” китебинде XVIII-XX кылымдарда элибизден чыккан таланттуу өнөр ээлери – манасчылардын өмүрү, чыгармачылыгы тууралуу изилдөөлөр камтылып, 7 том болуп кыргыз, орус, англис тилдеринде жарык көргөн.

Китептин мазмунун улуу муундагы манасчылар Келдибек Карбоз уулу, Балык Кумар уулу, Тыныбек Жапый уулу, Сагынбай Орозбак уулу, Саякбай Каралай уулу жана башка. классикалык манасчылардан тартып Шаабай Азиз уулу, Сапарбек Касмамбетов, Уркаш Мамбеталиевге чейинки манасчылардын өмүрү-таржымалы жана чыгармачылык жолу боюнча изилдөөлөр камтылган.

Пикир

Оставить комментарий