• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Кыргызстандык мигрант жөнүндө тартылган “Айка” тасмасы Токиодогу кинофестивалда баш байгени жеңип алды

Маданият 0

Бишкек, 26.11.18 /Кабар/. Казак режиссёру Сергей Дворцевойдун кыргызстандык мигрант тууралуу тартылган “Айка” тасмасы Токиодо өткөн Filmex кинофестивалында гран-прини утуп алды. Бул тууралуу “Афиша Daily” басылмасы жазып чыкты.

“Айканын” дүйнөлүк бет ачары Канн кинофестивалынын алкагында болгон. Кейт Бланшетт жетектеген калыстар тобу тасмада башкы ролду аткарган казакстандык актриса Самал Еслямованы сынактын мыкты актрисасы деп тапкан.

Filmex кинофестивалы жыл сайын Токиодо 2000-жылдан бери өткөрүлүп келет.

“Айка” тасмасы Москвада мыйзамсыз иштеген кыргызстандык жаш эмигрант кыздын жашоосун баяндайт. Өзү каалабай боюна бүтүп калган соң ал баласын төрөт үйүнө таштап коёт. Убакыттын өтүшү менен энелик сезимдер ойгонуп, Айка баласын издеп баштайт.

Пикир

Оставить комментарий