• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Чыңгыз Айтматов жөнүндө жаңы китеп жарыкка чыкты

Маданият 0

Бишкек, 11.12.17 /Темир Алымбеков-Кабар/. Чынгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата (12-декабрь) “Дасмия” улуттук комплексинде “Чыңгыз Айтматовду көргөнсүзбү?” аталган китептин бет ачары болуп өттү. Ага коомдук, мамлекеттик ишмерлер, акын-жазуучулар, чыгармачыл интеллигенциянын өкүлдөрү катышты.

Китепти академик Оморбай Нарбеков жана Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, белгилүү журналист-публицист Мундузбек Тентимишов жазган. Китепте жазуучунун өмүр жолундагы ачыла элек, элге белгисиз жактары, чыгармаларынын жаралыш себептери, эл арасындагы калтырган издери, белгилүү адамдардын эскерүүлөрү, сейрек сүрөттөр камтылган. Айтматов таануудагы чоң саамалык болгон бул китеп, улуу жазуучунун 2018-жылда белгилене турган 90 жылдык мааракесине арналган.

Китептин ачылышында белгилүү инсандар М.Шеримкулов, Ж.Сооданбеков, Д.Шадыбеков, К.Асанов, Ж.Акенеев, К.Жусупов өңдүү коомдук-мамлекеттик ишмерлер, окумуштуу-академиктер, эл жазуучулары чыгып сүйлөп, аталган китеп тууралуу ой-пикирлерин билдиришип, Ч.Айтматовдун 90 жылдык мааракесин эл аралык деңгээлде татыктуу өткөрүү тууралуу сунуштарын айтышты.

“ТҮРКСОЙ уюму 2018-жылды “Чыңгыз Айтматовдун жылы” деп жарыялады. Эл аралык уюмдар минтип Ч.Айтматовдун жылы деп урматтап жатышса, биздин унчукпай турганыбыз болбойт. Ошондуктан “2018-жылды Ч.Айтматовдун жылы” деп жарыялоону сунуш кылабыз. Дагы он жылдан кийин Ч.Айтматовдун кылымдык мааракеси белгиленет. Демек, ар бир он жылдыкты “Айтматов кылымы” деп жарыялап турсак болот. Анткени Ч.Айтматов- бул тарых, маданият, кыргыздын бардык баалуулуктарын камтыган улуу көрүнүш”,- деди коомдук, мамлекеттик ишмер М.Шеримкулов.

Мындан тышкары Бишкек-Манас аэропорту кан жолун Ч.Айтматов атында атоо, (анткени Ч.Айтматовдун сунушу, аракети менен “Манас” аэропорту аталып калган), Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик эң жогорку сыйлыкты уюштуруу (орден) өңдүү сунуштар айтылды.

Белгилей кетсек, 2018-жылы улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгы белгиленет.

Пикир

Оставить комментарий