• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте 75 жаштагы пенсионер 3-кабаттан кулап кетип каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 16.07.21. /Кабар/. Бишкек шаарындагы 8-кичирайонунда жайгашкан турак үйдүн 3-кабатынан кулап кеткен пенсионер каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, 75 жаштагы кемпир көп кабаттуу үйдүн алдында жайгашкан дүкөндүн чатырына кулап түшкөн.

Жерине 5 куткаруучу тартылып, альпинисттик шаймандын жардамы менен жансыз денени чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий