• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте шаар тургундары арасында спорттук мелдеш өтөт

Спорт 0

Бишкек, 26.01.23. /Кабар/. Бишкек шаарында 27-январдан 29-январга чейин "Атам, апам жана мен - болобуз спортчу" аталышындагы спорттук мелдеш өтөт. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чара Тунгуч кичирайонундагы Щербаков жана Манас көчөлөрүнүн кесилишиндеги спорттук аянтчада, № 73 орто мектепте № 11 орто мектепте жана № 40 мектептин аянтчаларында өткөрүлөт.

Мелдештер шаар тургундарынын арасында өткөрүлүп, 35 жаштан 45 жашка чейинки жарандар, ошондой эле 10 жаштан 14 жашка балдар-кыздар катышат.

Программа мелдештин 6 түрүн камтыйт. Мелдештин жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөргө жана байге ээлерине дипломдор, медалдар, кубоктор жана эстелик белектер тапшырылат.

Белгилей кетсек, иш-чара Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия, спорт, туризм жана жаштар менен иштөө боюнча департаменти жана борбор калаанын акимиаттары тарабынан уюштурулду.

Мэриядан белгилешкендей, аба ырайына байланыштуу спорттук иш-чаралардын орду жана мөөнөтү өзгөрүшү мүмкүн.

Пикир

Оставить комментарий